16 - Сирия сүйлөшүүлөрү

Иордания, Ливан жана Ирак, Бириккен Улуттар Уюмунун атайын делегациясы сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышат.

1664516
16 -  Сирия сүйлөшүүлөрү

Ковид  - 19  эпидемиясына байланыштуу кечеңдетилген Сирия тууралуу 16 -  Астана сүйлөшүүлөрү 7 – 8 -  июль күндөрү Казакстандын борбор шаары Нур Султанда өткөрүлөт. Казакстандын тышкы иштер министрлигинен берилген маалыматка караганда  сүйлөшүүлөрдө кепил өлкөлөр Түркия, Иран жана Россиянын делегациялары менен бирге Сириядан режим менен аскердик оппозиция өкүлдөрү да катышат.

Иордания, Ливан жана Ирак, Бириккен Улуттар Уюмунун атайын делегациясы сүйлөшүүлөргө байкоочу катары катышат.

Сирияда учурдагы кырдаал, гуманитардык жардам жеткирүү, Женевада Сириянын Конституциялык комитетинин ишин жандандыруу, туткундарды алмашуу, барымтадагыларды бошотуу жана дайынсыз жоголгон адамдарды издөө сыяктуу ишеним чаралары сүйлөшүүлөрдүн күн тартибиндеги негизги маселелер болот.



Тектеш кабарлар