Covid-19дун Delta Plus варианты кооптуубу?

Delta Plus варианты Индиянын үч аймагында болжол менен 40 кишиден табылгандыгы жана варианттын дагы 9 өлкөдө байкалганы кабарланды.

1663918
Covid-19дун Delta Plus варианты кооптуубу?

Индия Covid-19дун Delta Plus вариантын "кооптуу вариант" деп билдирсе, илимпоздор жаңы варианттын олуттуу коркунуч туудурганын айтуунун эрте экенин белгилешти.

Би-Би-Синин жаңылыктарына караганда, Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги AY.1 деп аталган Delta Plus вариантынын берки варианттарга караганда оңой жайылып, өпкө клеткалары менен оңой байланышканын жана антитело дарылоосуна туруштук бергенин билдирди.

Эгерде мутацияланган деп эсептелген варианттын жок дегенде жеңилирээк жана тезирээк жугушу, оорураак оорусу жана антителолорго туруштук берүүсү сыяктуу критерийлердин бирине жооп бергендиги жөнүндө далилдер табылса, анда ал "кооптуу вариант" деп классификацияланат.

Бирок Delta Plusтун "кооптуу вариант" деп классификацияланышын иликтеген айрым вирусологдор, бул варианттын башка варианттарга караганда жугуштуу же оор экендигин далилдеген маалыматтар жок экендигин айтышты.

Вирусолог др. Гагандип Канг, жаңы вариантка карата коюлган айтымдардын тактыгын далилдеген маалыматтар жок деп айткан менен, ал жаңы варианттын тынчсыздандыруучу түрдөн болуп же болбогонун билүү үчүн биологиялык жана клиникалык маалыматтар керек экендигин баса белгиледи.

Индиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги биринчи жолу апрель айында байкалган Delta Plus варианты Индиянын үч аймагында болжол менен 40 кишиден табылгандыгын жана вариант дагы 9 өлкөдө (АКШ, Британия, Португалия, Швейцария, Япония, Польша, Непал, Россия жана Кытай) байкалганын кабарлады.



Тектеш кабарлар