Россия учагы Британия кемесине эскертүү үчүн ок атты

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Британияга таандык "Defender" аскердик кемесинин Россия аннексиялаган Крымдын түштүк  батышындагы Феленкте чек ара эрежесин бузгандыгы билдирилди.

1663435
Россия учагы Британия кемесине эскертүү үчүн ок атты

Кара деңизде чек ара эрежесин бузду деген негиз менен  Россия учагы Британиянын аскердик кемесине ок атты.

Россиянын коргоо министрлигинен берилген маалыматта Британияга таандык "Defender" аскердик кемесинин Россия аннексиялаган Крымдын түштүк  батышындагы Феленкте чек ара эрежесин бузгандыгы билдирилди.

Ушул себептен «Су  - 24М» аскердик учагынын учкандыгы билдирилген маалыматта : «Чек араны коргоп турган орус кемеси (жергиликтүү убакыт боюнча)  12: 06 жана 12: 08де Британия кемесине эскертүү үчүн ок атты. Су  - 24 М, тогуз минутадан кийин «Defender» кемесинин багытына карата бомбалоо боюнча эскертүү берди»,- деп билдирилди.

Маалыматта Россиянын Кара деңиз флоту жана Россиянын федералдык коопсуздук кызматына караштуу чек ара коргоочуларынын биргелешкен кыймылы менен Британия аскердик кемесинин чек арадан чыккандыгы жана окуя тууралуу Британиянын Москва элчилигиндеги аскердик аташесинин Россиянын коргоо министрлигине чакырылгандыгы маалымдалды.

Британия кемеси эреже бузган Феленк Крымдын аймактык сууларынын ичинде.

Россия Крымды 2014 -  жылы мыйзам тышы аннексиялаган. Эл аралык мыйзамдын эрежелери боюнча Крым Украинага таандык болуп кабыл алынууда.



Тектеш кабарлар