Европа Биримдигинин лидерлери эртең чогулат
ЕБ лидерлеринин саммити 24-25-июнь күндөрү Брюсселде өтөт.
Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнүн лидерлери эртең күн тартибиндеги темаларды талкуулаш үчүн чогулат.
Европа Биримдигинин лидерлеринин саммити 24-25-июнь күндөрү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өтөт.
Лидерлердин күн тартибинде коронавирус (Ковид-19) пандемиясына каршы күрөш, ЕБнин мүчө өлкөлөр үчүн калыбына келтирүү фонддору, качкындар маселесинде үчүнчү өлкөлөр менен кызматташуу жана арасында Түркия, Белоруссия, Россия да болгон тышкы байланыштар темасы бар.
Жыйындын кечки сый тамагында талкуулана турган Түркияга байланыштуу бөлүмүндө Түркия-ЕБ карым-катнаштары, өзгөчө Чыгыш Жер Ортолук деңизи менен Кипрдеги абал, миграция, Түркиядагы сириялыктарга жардам, Бажы биримдигинин жаңыланышы жана соода маселелери сыяктуу темалардын каралып чыгышы күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Чоң жетиликтин тышкы иштер министрлеринин жыйыны эртең башталат
Жыйында 2 күн бою эл аралык күн тартибиндеги маселелер каралат.