Палестиналыктар менен еврей отурукташуучулардын ортосунда кагылышуу чыкты

Кагылышууда 7 адам жаракат алды.

1662536
Палестиналыктар менен еврей  отурукташуучулардын ортосунда кагылышуу чыкты

Оккупация астындагы Чыгыш Кудста жайгашкан Шейх Жеррах кварталында палестиналыктар менен еврей отурукташуучулардын ортосунда чыккан кагылышууда  7 адам жаракат алды.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда кечки сааттарда Шейх Жеррах кварталында чыңалуунун күчөшү менен кварталдын тургундары жана аларды колдоо үчүн аймакка барган палестиналыктар менен Шейх Жеррахтагы еврей отурукташуучулардын ортосунда кагылышуу чыкты.

Отургучтар менен таштар да колдонулган чыр  - чатакты аймактагы Изриаль полициясы үн бомбалары жана калемпир газы менен токтотууга аракет кылды.

Палестиналыктардын айрымдары дубинкалар менен сабаган Израиль полициясы жакын жердеги бир үйгө да үн бомбасын ыргытты.

Палестина Кызылайынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Израиль полициясынын кийлигишүүсүндө 7 палестиналыктын жаракат алгандыгы, эки кишинин ооруканага жаткырылгандыгы белгиленди.



Тектеш кабарлар