Йеменде 26 хуси жок кылынды

Армияга караштуу 3 -  Аскердик аймактык медиа борбору тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык, хусилер Мариб шаарынын батышындагы Сарвах кыштагында армиянын көзөмөлүндөгү жерлерге кол салды.

1662631
Йеменде 26 хуси жок кылынды

Йемен армиясы жана Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы араб коалиция күчтөрү менен Иран колдогон хусилердин ортосунда Мариб шаарында кагылышуу чыгып, 26 хуси жок кылынды.

Армияга караштуу 3 -  Аскердик аймактык медиа борбору тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматка ылайык, хусилер Мариб шаарынын батышындагы Сарвах кыштагында армиянын көзөмөлүндөгү жерлерге кол салды.

Тараптардын арасында чыккан кагылышууда 25  хусинин  жок кылынгандыгы билдирилди.

Бир тараптан хусилерге караштуу «Ел  -  Месира» телекөрсөтүү каналы коалицияга таандык аскердик учактардын Марибдин Сарвах кыштагына абадан 24  кол салуу, Рагван жана Медгал кыштактарына да 5 жолу кол салгандыгын билдирди.

Мариб  шаарында катуу кагылышуулар улантылып, Йемендин премьер  - министри Муин Абдулмелик БУУ менен эл аралык коомго салган чакыруусунда Иранга каршы баш тарттыруучу  чаралардын көрүлүшүн суранды.



Тектеш кабарлар