БУУнун балдардын укуктарынын бузулушун камтыган уят тизмеси сынга кабылды

Йемендеги жана Палестинадагы балдардын укуктарынын бузулушун камтыган БУУнун «Балдар жана куралдуу кагылыштар» деген 42 барактык жылдык отчету жарыяланды.

1662623
БУУнун балдардын укуктарынын бузулушун камтыган уят тизмеси сынга кабылды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы катчысы Антонио Гутерриштин кагылышуу болгон аймактардагы балдар жөнүндө жарыяланган докладда Израиль менен Сауд Арабиясын балдардын укугун бузган өлкөлөрдүн катарына кошпогону каршы чыгууларды тартты.

Йемендеги жана Палестинадагы балдардын укуктарынын бузулушун камтыган БУУнун «Балдар жана куралдуу кагылыштар» деген 42 барактык жылдык отчетунда, бул мыйзам бузууларга себеп болгон Израилдин жана Сауд Арабиясынын тизмеге кирбей калгандыгын укук коргоо уюмдары сынга алышты.

Нью-Йоркто жайгашкан Human Rights Watch (HRW) уюмунун балдардын укуктарын коргоо боюнча директору Жо Бейкер, «Гутерриш балдарды өлтүрүү жана майып кылуу боюнча» уят тизмеге «Израилди жана Сауд Арабияны кошпой, аларды кыйынчылыктан куткарды» сөз айкашын колдонгон.

Бейкер Баш катчынын БУУнун далилдеринин негизинде уят тизмесин түзбөгөндүгү балдарга чыккынчылык болуп саналат жана мындай мамиле мыйзам бузуучулардын жазасыз калышына түрткү берет деп билдирди.

Гутеррештин экинчи мөөнөткө 18-июнда шайлангандыгын эске салган Бейкер, «Эми Башкы катчынын экинчи мөөнөтү камсыздалгандыгына караганда, ал тизмеге карата мындай мамиледен баш тартып, анын тизмеси фактыларды чагылдырып турушу керек»,деген баасын берди.

Гутеррештин жарыяланган тийиштүү БУУнун отчетунда, басып алынган Батыш Шериа менен Газада 340 палестиналык балага карата 1031 олуттуу мыйзам бузуулар болгондугу айтылган, бирок Израиль мыйзам бузуучу катары айтылган эмес.

Отчетто ошондой эле Израилдин аскерлери Батыш Шериада жана Чыгыш Кудста 361 баланы «коопсуздук кылмыштары» себеби менен камакка алгандыгын жана алардын 83 пайызы кармалган учурда зордук-зомбулукка жана физикалык зомбулукка кабылгандыгын тастыктады.

Ушундай эле, отчетто 2015-жылдан бери Йемендеги хувсийлер менен Сауд Арабиясы баштаган коалициянын ортосундагы согушта 269 бала каза болуп, 855 баланын жаракат алгандыгы катталган, бирок Сауд Арабия буга себеп болгон тараптардын бири катары көрсөтүлгөн эмес.



Тектеш кабарлар