АКШнын 38 пайызы кургакчылыктын таасиринде

АКШнын батышындагы ысыктыктардын рекорддук деңгээлге жетиши менен кугакчылык коркунучун тереңдетти.

1662360
АКШнын 38 пайызы  кургакчылыктын таасиринде

АКШнын батышындагы ысыктыктардын рекорддук деңгээлге жетиши менен кугакчылык коркунучун тереңдетти.

Өлкөнүн батышынын жарымы кургакчылыктан таасирленгендиги, чукул түрдө чаралар көрүлбөсө суу тартыштыгынын дагы чоң маселе жаратары белгиленди.

АКШнын Кургакчылыкты иликтөө USDMнын маалыматтарына караганда өлкөнүн 38 пайыздык бөлүгү кургакчылыкка дуушар болууда.

Кургакчылыктан 300 миллион гектарга жакын аянттын таасирленгендиги жарыяланды.

Суу тартыштыгынан түздөн түз же кыйыр түрдө таасирленгег киши саны 94 миллиондон ашуун.

Ысык аба толкуну менен кургакчылык шарттарынын биригиши дарыялардын жана суу булактарынын дагы көп кургашына, суу сактагычтардагы суусунун деңгээлинин төмөндөшүнө себеп болду.

АКШнын эң ири суу резерви Мид көлүндө ушул кезге чейинки эң төмөнкү деңгээлге жетти.

Акыркы бир жылдын ичиндеги жаан  - чачындын азайышы менен бирге глобалдык климаттык алмашуу да кургакчылыкка таасирин тийгизүүдө.  

 



Тектеш кабарлар