Арменияда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Пашиняндын партиясы жеңгенин көрсөтүүдө

Армениянын Борбордук шайлоо комитети добуш берүүнүн расмий эмес биринчи жыйынтыгын жарыялады, шайлоого шайлоочулардын 49,4 пайызы катышты.

1661781
Арменияда шайлоонун алдын ала жыйынтыгы Пашиняндын партиясы жеңгенин көрсөтүүдө

Алгачкы расмий эмес жыйынтыктарга караганда, Армениядагы кезексиз парламенттик шайлоодо Никол Пашиняндын партиясы жеңишке жетишти.

Армениянын Борбордук шайлоо комитети добуш берүүнүн расмий эмес биринчи жыйынтыгын жарыялады, ага шайлоочулардын 49,4 пайызы катышты.

Ушуга ылайык, кызматтан кеткенден кийин шайлоого чейин премьер-министрлик кызматты убактылуу ээлеп турган Пашиняндын «Жарандык келишим партиясы» 53,92 пайыз добушка ээ болуп алдыга чыкса, мурдагы президент Роберт Кочарян жетектеген «Армян Альянсы» 21,1 пайыз добуш алып экинчи орунду ээледи.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча, Пашиняндын партиясы 0,08 айырма менен 54 пайызга жете алган жок жана өкмөттү өз алдынча түзүүгө мүмкүнчүлүк ала алган жок.

Добуштардын 5,23 пайызын алып, экс-президент жана премьер-министр Серж Саргсян тарабынан колдоого алынган «Ар-намысым бар Альянсы» босогодон өтүп, парламентке өткөн дагы бир партия болуп калды.

Кочаряндын партиясы, Армения Альянсы, шайлоонун жыйынтыктары азырынча таанылбай тургандыгын жазган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө,«Оппозициянын эл көп чогулган митингдери жана бийликтин аз адамдар менен жүргүзгөн иш-аракеттери таптакыр башка сезимдерден кабар берет. Шайлоо участкаларынан уюшкан жана пландаштырылган бурмалоолорду көрсөткөн жүздөгөн сигналдар ишенимдин жоктугунун чоң белгиси»,делди.

Пашинян болсо добуштарды саноо жүрүп жаткан учурда Фейсбукта билдирүү жасап, «бардык дени сак саясий күчтөр» менен сүйлөшүүлөрдү баштайбыз деп, «Биз адамдардын интеграцияланышы жана алардын социалдык потенциалын ишке ашыруу боюнча идеяларын түшүнүүгө даярбыз»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар