Афганистандын президенти Ашраф Гани АКШга барат

Афганистандын президенти Ашраф Гани менен Улуттук макулдашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах 25 -июнда АКШга сапар менен барат.

1661920
Афганистандын президенти Ашраф Гани АКШга барат

Афганистандын президенти Ашраф Гани менен Улуттук макулдашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдуллах Абдуллах 25 -июнда АКШга сапар менен барат.

Ак үйдүн катчысы Жен Псаки тарабынан берилген маалыматта АКШнын президенти Жо Байдендин Афганистандын президенти Гани менен Улуттук макулдашуу боюнча жогорку кеңешинин төрагасы Абдуллахты Ак үйдө кабыл аларын, бул сапардын эки өлкөнүн ортосундагы туруктуу өнөктөштүккө басым жасай тургандыгы белгиленди.

Маалыматта АКШнын аскерлерин Афганистандан чыгарып жатып өлкөдөгү аялдар, кыздар жана азчылыктар да болгон афган калкына саясий, экономикалык жана гуманитардык жардам тууралуу колдоо көрсөтүүгө убада бергендиги белгиленип, өлкөнүн террордук топтор баш калкалаган жер болбошу үчүн Афганистан өкмөтү менен жакындан кызматташуу ичинде болору тууралуу маалымат бөлүшүлдү.



Тектеш кабарлар