Ашраф Гани Ооганстанда согушту Талибан баштаганын жана бул уюм жооптуу экенин билдирди

Ашраф Гани баш калаа Кабулда катышкан аземде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан өкмөтү тынчтыктын туруктуу планын даярдап, дүйнө жүзү жана оогандар менен бөлүшкөнүн, бирок Талибандын бул багытта азырынча планы жок экендигин билдирди.

1661478
Ашраф Гани Ооганстанда согушту Талибан баштаганын жана бул уюм жооптуу экенин билдирди

Ооганстандын президенти Ашраф Гани өлкөдө согушту Талибан баштаганын жана бул уюм жооптуу экенин билдирди.

Ашраф Гани баш калаа Кабулда катышкан аземде сүйлөгөн сөзүндө Ооганстан өкмөтү тынчтыктын туруктуу планын даярдап, дүйнө жүзү жана оогандар менен бөлүшкөнүн, бирок Талибандын бул багытта азырынча планы жок экендигин билдирди.

Согуш учурунда өкмөттүк күчтөрдүн да адам укуктарын сыйлагандыгын билдирген Гани, бирок Талибандын бул мыйзамдардын бардыгын бузуп, өлкөнү жок кылууга аракет кылгандыгын белгиледи.

Жарандар арасындагы жоготуулардын көбөйүшүнө токтолгон президент Гани, согуш учурунда талиптер тарабынан адам укуктары атайылап бузулгандыгын баса белгиледи.

Гани эл аралык коомчулукту Талибанга карата кайдыгер калбоого чакырып, «Талибан согушту баштаган жана алар жооптуу»,-деди.

Гани Талибан саясий чечимге негизделген туруктуу жана адилеттүү тынчтыкты же улуттун душманы болуу жолун тандашы керектигин баса белгиледи.

Гани жакында эле Талибандын карапайым адамдарга карата күчөп жаткан чабуулунун артында айрым чөйрөлөр тургандыгын кошумчалады.

Өлкөдөгү тынчтык жараяны боюнча белгисиздик болсо дагы, кол салуулар токтобой жатат.

Акыркы 2 айда өлкө боюнча Талибандын көзөмөлүндө турган райондордун саны 20дан ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Талибан өлкө аймагынын 50-70 пайызын көзөмөлдөйт.



Тектеш кабарлар