Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын экономикалык кыйынчылыктан ашып өтүүгө убада берди
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөсүнүн Ковид -19 эпидемиясында туш болгон экономикалык кыйынчылыктарды ашып өтөрүн айтты.
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өлкөсүнүн Ковид -19 эпидемиясында туш болгон экономикалык кыйынчылыктарды ашып өтөрүн айтты.
Түндүк Корея расмий маалымат агенттиги KCNAнын билдиргенине караганда, бийликтеги Корея жумушчу партиясынын Борбордук Комитетинин 4 күндөн бери болуп келе жаткан жалпы жыйынынын жабылышында сөз сүйлөгөн Ким, Ковид - 19 эпидемиясы жана АКШнын санкцияларынан таасирленген өлкө экономикасын жакшыртуу убадасын берди. Ким андан тышкары «төңкөрүштүн алдындагы кыйынчылыктарды» ашып өтүшөрүнө ант берди.
Кимдин билдирүүлөрү АКШнын Түндүк Кореянын атайын өкүлү Сунг Кимдин Түндүк Кореянын өзөктүк курулушуна байланыштуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Түштүк Кореяга жасаган сапарынан кыска убакыт мурда жарыяланды.
АКШнын атайын өкүлү Кимдин Япония жана Түштүк Корея өкүлдөрү менен жолугушуп, Корея жарым аралынын өзөктүк куралдардан толугу менен тазаланышына карата иштерди жүргүзүшү күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.