Палестина Израиль менен түзүлгөн вакцина алмашуу келишимин жойду

Израилден келген вакциналардын мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз калган.

1661101
Палестина  Израиль менен түзүлгөн вакцина алмашуу келишимин жойду

Палестина башкаруусу Израиль менен түзгөн Ковид  - 19  вакцина алмашуусу тууралуу келишимин жоюу чечимин кабыл алды. Анкени Израилден келген вакциналардын мөөнөтү жакында бүтөт.

Саламаттыкты сактоо министри Мей Кейле премьер  - министр Мухаммед Иштиййенин Израиль менен түзүлгөн вакцина алмашуу келишимин жоюу буйругун бергендигин белгиледи.

Министр Кейле бул чечимдин Израиль алмашуу үчүн берген вакциналардын мөөнөтүнүн кыска убакыттын ичинде бүтөрүнө байланыштуу чыгарылгандыгын айтты.

Палестина менен Израиль кечээ 1 миллиондон ашуун Pfizer/BioNTechтин Ковид  - 10 вакцинасын алмаштыруу тууралуу келишкен.

Келишимдин негизинде  Израиль Палестина башкаруусуна  запастарындагы 1- 1,4 миллион доза Pfizer / BioNTech вакцинасын бермек. Анын ордуна Палестинанын  BioNTech- Pfizerден сентябрь жана октябрь айларында ала турган   вакциналар Израилге жиберилмек.  

Израиль  алмашуу келишиминин негизинде кечээ 100 000 доза Ковид  - 19  вакцинасын Палестина саламаттык сактоо министрлигине тапшырган.



Тектеш кабарлар