Пакистан АКШга база бербейт

Пакистандын премьер  - министри Имран Хан АКШ аскерлеринин Афганистандан чыгышынан кийин АКШ Борбордук чалгындоо уюмуна база бербей тургандарын айтты.

1661063
Пакистан АКШга база бербейт

Пакистандын премьер  - министри Имран Хан АКШ аскерлеринин Афганистандан чыгышынан кийин Вашингтон башкаруусунун бул өлкөдөгү операциялары үчүн АКШ Борбордук чалгындоо уюмуна база бербей тургандарын айтты.

Премьер  - министр Хан HBOдогу "Axios on HBO" программасы үчүн берген маегинде Пакистандын аскердик базаларынын колдонулушуна токтолду.

Пакистан жерлеринен Афганистанга карата бир кыймылга же аскердик базага уруксат берүүнүн мүмкүн эмес экендигин белгилеген Хан, АКШ  аскерлеринин Афганистандан чыккандан кийин Вашингтон башкаруусунун бул өлкөдөгү операциялары үчүн ЦРУга  база беришпей тургандарын белгиледи.

Имран Хан премьер  - министр болгондон мурда да АКШнын Афганистан операциялары үчүн Пакистандын жерлерин колдонуусуна жана Пакистанда  дрон менен кол салууларды аткаруусуна уруксат берген мурунку өкөмттөрдү сынга алып келген. Хан бийликке келген 2018 – жылдан бери өлкөдө катталган, АКШга таандык эч бир дрон менен кол салуулар болгон жок.

ЦРУ Пакистан жерлериндеги дрон менен акыркы кол салууларын Хан шайлоодон утуп чыккан 2018 – жыл июль айында аткарган.

ЦРУ Америка аскерлеринин чыгышынан кийин Афганистанда ыктымалдуу операция жөндөмдүүлүгүн улантуу үчүн жаңы жолдорду издөөдө.

ЦРУнун директору Уильям Бернс май айында базага байланыштуу Пакистанга барган. Премьер-министр Хан менен база маселеси боюнча сүйлөшүүнү каалаган Бернстын бул өтүнүчү четке кагылган.



Тектеш кабарлар