Индияда "кара козу карын" оорусуна каршы күрөш

Коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрлөрү азайып бараткан өлкөдө "кара козу карын" коркунуч туудурууда.

1660907
Индияда "кара козу карын" оорусуна каршы күрөш

Индияда "кара козу карын" деп аталган коркунучтуу мукормикоз инфекциясына кабылган 27 миңден ашуун адамдын дарылануусу уланып жатат.

Химия жана жер семирткичтер министрлиги тараткан билдирүүдө, өлкөдө ооруну дарылоодо колдонула турган дарынын жетиштүү экени айтылды.

Билдирүүдө, өлкөдө 16-июнда активдүү мукормикоз менен ооругандардын саны 27 миң 142 болуп, коркунучтуу илдетке каршы күрөшүүдө колдонулган дары-дармектердин ата мекендик өндүрүшүнүн көбөйтүлгөнү белгиленди.

Коронавирустун (Ковид-19) жаңы түрлөрү азайып бараткан өлкөдө "кара козу карын" коркунуч туудурууда.

NDTV каналынын жаңылыктарына караганда, Мумбайда айыкпас дартка кабылган ар бир 3 баланын 1и көзүнөн ажырады.



Тектеш кабарлар