Былтыркы жылы дүйнө боюнча жер которгон качкындар

Былтыркы жылы дүйнө жүзү боюнча 82 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгон.

1661138
Былтыркы жылы дүйнө боюнча жер которгон качкындар

Былтыркы жылы дүйнө жүзү боюнча 82 миллиондон ашуун адам жер которууга аргасыз болгон.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын "Дүйнөлүк тенденциялар-2020 отчетуна" ылайык, Ковид-19 эпидемиясына карабастан, 2020 - жылы согуштардан, зордук-зомбулуктан жана куугунтуктан качкан адамдардын саны 82 миллиондон ашты.

Эл аралык коомчулукка качкындардын абалын түшүндүрүү максатында 2001 - жылы 20 - июнь "Бүткүл дүйнөлүк качкындар күнү" деп жарыяланды.

БУУнун Качкындар  боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди 16 - апрелде Италиянын борбор шаары  Римде өткөн жолугушууда "Балкан жолу" деп аталган мыйзамсыз миграция жолундагы мигранттарга карата орой мамиле жасалгандыгын белгилеп : «Греция, Кипр (Рум бөлүгү), Хорватия сыяктуу өлкөлөрдүн ырайымсыз жана физикалык зордук-зомбулук менен тоскоолдуктары кабыл алынгыс. Мындан тынчсыздануудабыз. Бул жагдай тууралуу тийиштүү өлкөлөргө жана Европа Биримдиги Комиссиясына да билдирдим»,- деди.

БУУнун Качкындар  боюнча жогорку комиссарлыгынын 18 -  июнда Швейцариянын Женева шаарында жарыяланган «Глобалдык кыймылдар очтетуна» караганда Ковид  - 19 эпидемиясына карабастан 2020 -  жылы согуштардан, зордук  - зомбулуктан жана адам куугунтуктардан качкандардын саны 82, 4 миллионго жогорулады.

Өлкөлөрүнөн качкан бардык адамдардын үчтөн эки бөлүгүнөн көбү Сирия (6,7 миллион), Венесуэла (4 миллион), Афганистан (2,6 миллион), Түштүк Судан (2, 2 миллион) жана Мьянма (1, 1 миллион) болгон  беш өлкөдөн келүүдө.  

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгынын отчетуна караганда Түркия 3, 7 миллион качкын менен акыркы жети жылда дүйнөлүк масштабда  эң көп качкын алган өлкө болду.

Түркиядан кийин 1, 4 миллион качкын менен Пакистан, 1, 3 миллион качкын менен  Уганда жана 1, 2 миллион качкын менен Германия келди.



Тектеш кабарлар