Афганистанда эки район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Өлкөнүн 34 облустук борбору болсо өкмөттүн көзөмөлүндө.

1661154
Афганистанда эки район Талибандын көзөмөлүнө өттү

Афганистандын түндүгүндөгү Фаряб жана Жүзжан облустарындагы эки район Талибандын көзөмөлүнө өттү.

Фаряб облустук кеңешинин өкүлү Абдул Ахад Илбек куралдуу кишилердин Фарябдын Хожа Себзпош районуна кол салгандыгын айтты.

Райондун борборунун Талибандын колуна өткөнүн айткан Илбек  райондун борборундагы көп сандаган коопсуздук кызматкеринин Талибан куралдуу кишилерине багынгандыгын айтты.

Бир тараптан Жүзжан облустук кеңешинин төрага орун басары Эмруддин Данишжу да Жүзжандын Мурдиян районунун көзөмөлүнүн Талибандын колуна өткөндүгүн билдирди.

Куралдуу кишилердин райондун борборуна жасаган куралдуу кол салуусунда 16 коопсуздук кызматкеринин каза болгонун айткан Данишжу 14 коопсуздук кызматкеринин да Талибан тарабынан барымтага алынгандыгын  билдирди.

Талибандан берилген маалыматта Хожа Шебзпош менен Мурдиян райондорундагы бардык коомдук имараттар менен пункттардын куралдуу кишилердин көзөмөлүнө өткөндүгү маалымдалды.

Акыркы эки айда жалпы өлкөдө Талибандын көзөмөлүнө өткөн район саны 20дан ашты.

Өлкөнүн 34 облустук борбору болсо өкмөттүн көзөмөлүндө.

 



Тектеш кабарлар