Жо Байден - В. Путин саммити башталды

Жолугушуудан кийин Путиндин Түркия убактысы боюнча саат 18:30да, Байдендин Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө өз өзүнчө пресс  - жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.

1659252
Жо Байден -  В. Путин саммити башталды

АКШнын президенти Жо Байден менен Россиянын президенти В. Путиндин ортосундагы саммит Швейцариянын Женева шаарында башталды.

Жолугушуудан мурда  кыскача маалымат берген Путин жолугушуу аракети үчүн Байденге ыразычылык билдирип : "Узун жолду басып өттүңүз, көп эмгектендиңиз. Бирок Россия  - АКШ карым  - катнаштарында эң жогорку деңгээлде каралышы керек болгон бир нече маселелер жаралды. Жолугушуубуз контруктивдүү өтөт деп ойлойм",- деди. 

Саммит 1985 -  жылдан кийин шаарда болгон экинчи АКШ  -  Россия саммити болот.

Женевада 1985 -  жылы ноябрь айында мезгилдин АКШ президенти Рональд Рейган менен СССрдин президенти Михаил Горбачёвдун ортосунда болгон самиттен 36 жылдан кийин өткөрүлүүдө.

Саммит боло турган аймак менен АКШ жана орус делегациялары кала турган мейманканаларга кеткен жолдор транспортко жабылды.

Саммит тууралуу расмий программа тууралуу маалымат берилген жок. Эки лидердин жолугушуусу 4 саатка чейин созулары белгиленди. Жолугушуудан кийин Путиндин Түркия убактысы боюнча саат 18: 45те, Байдендин Түркия убактысы боюнча саат 20:00дө өз өзүнчө пресс  - жыйын өткөрүшү күтүлүүдө.

 

 

 



Тектеш кабарлар