ЕБ менен АКШнын билдирүүсүндө Түркия менен кызматташуу жана өз ара пайдалуу мамиле көздөлдү

Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн ЕБ-АКШ саммитинен кийин АКШ президенти Жо Байден менен Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин ортосунда биргелешкен билдирүү жасалды.

1659170
ЕБ менен АКШнын билдирүүсүндө Түркия менен кызматташуу жана өз ара пайдалуу мамиле көздөлдү

Европа Биримдиги (ЕБ) менен Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) ортосундагы саммиттин жыйынтыгында жарыяланган биргелешкен билдирүүдө, «Демократиялык Түркия менен кызматташуу жана өз ара пайдалуу мамиле» көздөлгөндүгү белгиленди.

Кечээ Бельгиянын борбору Брюсселде өткөн ЕБ-АКШ саммити аяктагандан кийин АКШ президенти Жо Байден менен Европа Биримдиги Кеңешинин төрагасы Шарль Мишель жана Европа Биримдиги Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйендин ортосунда биргелешкен билдирүү жасалды.

Билдирүүнүн эл аралык мамилелерге арналган бөлүгүнө Чыгыш Жер Ортолук деңизи жана Түркия дагы кирди. Билдирүүдө төмөнкүлөр камтылган: «Биз Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги чыңалууну туруктуу төмөндөтүү үчүн кол кармашып иш алып барууга чечкиндүүбүз, ал жакта пикир келишпестиктер жакшы диалогго жана эл аралык укукка ылайык чечилиши керек. Демократиялык Түркия менен кызматташууга жана өз ара кызыкчылыкка негизделген мамилени максат кылабыз».

Кытайга болгон мамилелерде тыгыз консультация жана кызматташуу ниети билдирилип, Россияга карата мамиледеги «биримдикке» басым жасалды.

Билдирүүдө байланыш каналдары ачык бойдон калганы, ЕБнин Молдова, Украина жана Грузия сыяктуу чыгыш өнөктөштөрү мындан ары дагы колдоого алынаары жана Беларуссия эли менен тилектеш экендиги баса белгиленди.

Билдирүүдө Башар Асад жеңип алган шайлоонун мыйзамсыз экендиги баса белгиленип, эл аралык коомчулук Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин чечимдери жана Асад режиминин өзүнүн ырайымсыз кылмыштарынан улам жооп берүүсү үчүн саясий чечим табууга чакырылды.

Сирияда өсүп жаткан гуманитардык жардамга болгон муктаждыкты канааттандыруу үчүн БУУнун Коопсуздук Кеңеши жардамдын бардык муктаждарга жеткирилишин камсыз кылууга чакырылды.

Билдирүүдө Ливияда тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту сактоого умтулуу тастыкталды жана Жакынкы Чыгышта ок атышпоо режимине канааттануу билдирилди. ЕС жана АКШ эки мамлекеттин чечиминин негизинде израилдиктер менен палестиналыктардын бирдей эркиндикке, коопсуздукка, гүлдөп-өнүгүүгө жана демократияга ээ болушунун зарылдыгын белгилешти.

Билдирүүдө АКШны Иран менен түзүлгөн өзөктүк келишимге кайтарууга багытталган Австриянын борбору Венада жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө колдоо көрсөтүлдү.



Тектеш кабарлар