НАТОнун саммити башталды
Түркияны президент Режеп Таййип Эрдоган өкүлдүк кылган жыйынга 30 союздаш өлкөнүн лидерлери катышууда.
НАТО өлкөлөрүнүн мамлекет жана өкмөт башчылары катышкан саммиттин жыйыны Бельгиянын борбор шаары Брюсселдеги НАТОнун башкы кеңсесинде башталды.
Түркияны президент Режеп Таййип Эрдоган өкүлдүк кылган жыйынга 30 союздаш өлкөнүн лидерлери катышууда.
Саммиттин күн тартибинде шериктештиктин жакынкы 10 жылдагы жол картасын аныктоо, НАТОнун стратегиялык концепциясын жаңыртуу, Кытайдын өнүгүшү, акыркы жылдары начарлап кеткен Россия менен мамилелердин абалы жана Украина, кибер коркунучтар, терроризмге каршы күрөш, кыйраткыч технологиялар, климаттын өзгөрүшүнүн коопсуздукка таасирлери жана Афганистандагы НАТО миссиясын токтотуу чечиминен кийинки кырдаал сыяктуу маселелер бар.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.