ДССУнун G7нин чечимине байланыштуу билдирүүсү

ДССУ жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1657391
ДССУнун G7нин чечимине байланыштуу билдирүүсү

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус G7 өлкөлөрүнүн жардамга муктаж өлкөлөргө 870 миллион доза коронавирус (Ковид-19) вакцинасын беребиз деген билдирүүсүн кубаттады, бирок мунун жетишсиз экенин айтты.

ДССУнун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, G7нин 870 миллион доза вакцинаны COVAX программасына түздөн-түз бере тургандыгы жана бул кайрымдуулуктун кеминде жарымынын жылдын аягына чейин ал эми калган бөлүгүнүн болсо 2022-жылы ишке ашырыла тургандыгы маалымдалды.

«Чоң жетиге» кирген өлкөлөр COVAX программасына колдоосун дагы бир жолу тастыкташкандыгы баса белгиленген билдирүүдө, жакыр өлкөлөргө вакциналарды жеткирүүдө COVAX биринчи кезектеги программа экендиги белгиленди.

G7 чечимине карата көз караштары камтылган ДССУнун башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус: «Учурда көптөгөн өлкөлөрдө бейтаптардын саны көбөйүп жатат бирок вакцина жок. Бардыгыбыз өмүрүбүздүн жарышындабыз, бирок бул акыйкат жарыш эмес. Көптөгөн өлкөлөр дагы деле болсо эпидемиянын баштапкы чекитинен эптеп чыккан абалда», деди.

Гебреисус G7нин вакциналарды берүү жөнүндөгү жоомарт чечимин кубаттап: «Бирок дагы көп нерсеге муктаждыгыбыз бар жана биз бул вакциналарды тез алышыбыз керек» деп кошумчалады.



Тектеш кабарлар