Британ ханышасы Элизавета Байден жана жубайы менен жолугушту

Байден ханыша тарабынан тосулган АКШнын 13-президенти болду.

1657548
Британ ханышасы Элизавета Байден жана жубайы менен жолугушту

Британиянын ханышасы Елизавета II Америка Кошмо Штаттарынын президенти (АКШ) Жо Байден жана анын жубайы Жилл Байден менен жолугушту.

G7 саммитинин алкагында Британияда жүргөн Байден жана анын жубайы, Виндзор сепилинин короосундагы аянтчада Елизавета тарабынан тосулуп алынды.

Ханыша менен сепилде чай ичээрдин алдында Байден жана анын жубайы, ханышанын жардамчысы Дам Аннабел Уайтхед менен тааныштырылды.

Ханыша Элизавета акыркы жылдары Виндзор сепилинде АКШнын дагы төрт президентин кабыл алган. 

Байден ханыша тарабынан тосулган АКШнын 13-президенти болду.

Ханыша Элизавета АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп менен акыркы жолу 2019-жылы Букингем сарайында жолуккан.



Тектеш кабарлар