Палестина Түркияга ыраазычылык билдирди

Палестинанын Экономика министрлиги жазуу түрүндө билдирүү жасады.

1656470
Палестина Түркияга ыраазычылык билдирди

Палестинанын экономика министри Халид аль-Усейли Түркиянын Палестинаны соода жаатында артыкчылыктары бар өлкөлөрдүн катарына кошушуна канагаттангандарын айтты.

Палестинанын Экономика министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, Үсейли Түркияга бул чечими үчүн ыраазычылыгын билдирип, чечимди «эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык жана соода кызматташтыгын өнүктүрүүдөгү стратегиялык кадам» деп баалады.

Усейли бул чечимдин «Палестина жетекчилигинин өз экономикасын Израилдин оккупациясынан акырындык менен бөлүүсү, Палестинанын өндүрүшүн диверсификациялоосу, импортту көбөйтүүсү жана экспортту колдоого алышы» жагынан маанилүү экендигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар