Кытайда дагы бир өндүрүштүк кырсык болду

Кырсыкта 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.

1656508
Кытайда дагы бир өндүрүштүк кырсык болду

Кытайдын Гуйчоу провинциясындагы Гуйянд шаарындагы бир  заводдо химиялык уулануудан 8 адам каза болду.

Жетекчилер химиялык заттардын заводдун жумушчулары курт  - кумурскалар үчүн чыгарылган дары  - дармектерде колдонулган метилди унаадан ташып жатканда төгүлгөндүгүн билдиришти. Заводдо кырсыкиа 8 адам каза болуп, 3 адам жаракат алды.

Кырсык тууралуу тергөө иши баштатылды.

Кытайда акыркы жылдарда химиялык заттарды кайра иштетүүгө байланыштуу өлүмгө алып келген кырсыктар жүздөгөн адамдардын өлүмүнө сеебп болду.

2019-жылы чыгыш Цянсу провинциясындагы химиялык заводдо жарылуу болуп, 78 адам каза болгон.



Тектеш кабарлар