G7 саммитинин экинчи күнү

G7 саммити Британиянын кожоюндугунда уланып жатат.

1656618
G7 саммитинин экинчи күнү

Британиянын Корнуолл аймагында өтүп жаткан G7 саммитинин экинчи күнүндө лидерлердин күн тартибиндеги негизги тема - коронавируска (Kovid-19) каршы күрөш...

47-G7 саммити Британиянын кожоюндугунда уланып жатат.

Британиянын ханышасы Елизавета, экологиялык жамгыр токойлору чагылдырылган бакчада конокторунун урматына сый тамак берди.

Саммиттин экинчи күнүндө лидерлер бетме-бет жолугушууларды башташты.

Күн тартибине глобалдык коронавирус эпидемиясына каршы күрөш, эпидемиядан кийин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү жана климат көйгөйлөрү сыяктуу темалар киргизилген.

Лидерлер жакыр өлкөлөргө бир миллиард доза вакцина кайрым кылышы күтүлүүдө.

Коопсуздук чаралары астында өтүп жаткан саммитке чектелген сандагы басма сөз кызматкерлери киргизилди.

Саммитте катышкандар жана кызматкерлер тынымсыз коронавируска каршы тест тапшырышууда.

Бул тесттерде бир полиция кызматкеринен коронавирустун табылышы жетекчилерди чочулатты. Мындан улам кошумча чаралар киргизилди.



Тектеш кабарлар