Г - 7лерден жакыр өлклөргө 1 миллиард доза вакцина жардам берилет

Борис Жонсон Г  -  7 өлкөлөрүнүн 2020 -  жылдын акырына чейин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид  - 19 вакцинасын багыштоону пландап жаткандыгын билдирди.

1656150
Г  -  7лерден жакыр өлклөргө 1 миллиард доза вакцина жардам берилет

Британияын премьер  - министри Борис Жонсон Г  -  7 өлкөлөрүнүн 2020 -  жылдын акырына чейин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид  - 19 вакцинасын багыштоону пландап жаткандыгын билдирди.

Британиянын премьер  - министрлик кеңсесинен берилген маалыматта : «Британиянын вакцина программасынын ийгилигинин бир жыйынтыгы катары эми ашыкча дозабызды муктаж болгондор менен бөлүшө алабыз. Вакциналарды бөлүшүү менен бул эпидемияны түп  тамырынан бери жок кылуу үчүн чоң кадам таштаган болобуз»,- деп белгиленди.

Билдирүүдө Жонсондун Г  - 7  лидерлеринин жакыр өлкөлөргө жалпы 1 миллиард доза Ковид  - 19 вакцинасынын багышталышын күтүп жаткандыгы маалымдалды.

Британиянын биринчи этапта буртмаларынан ашкан 100 миллион доза Ковид  - 19  вакцинасын берери тууралуу маалымат берилди.

 Г  -  өлкөлөрүнүн лидерлери эпидемиянын башталышынан бери биринчи жолу  Уэльске караштуу Корнуолл шаарындагы Карбис булуңунда бүгүн башталган жана 13-июнга чейин созула турган саммитте жолугушууда.

Саммитте уланып жаткан эпидемия, дүйнөлүк геосаясий тобокелдиктер жана климаттын өзгөрүү сыяктуу маанилүү темалардын талкууланышы күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар