Украинанын президенти В. Зеленский : "105 000 орус аскеринен 11 миңи гана чыкты"

Украинанын президенти В. Зеленский чек араларындагы 105 миң  орус аскеринен 11 миңинин гана чыккандыгын айтты.

1654771
Украинанын президенти В. Зеленский : "105 000 орус аскеринен 11 миңи гана чыкты"

Украинанын президенти В. Зеленский чек араларындагы 105 миң  орус аскеринен 11 миңинин гана чыккандыгын айтты.

Президенттиктен берилген маалыматка караганда Зеленский Канаданын премьер  - министри Жастин Трюдо менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Зеленский менен Трюдо сүйлөшүүдө Г  7  жана НАТО саммиттеринен мурда күн тартип маселелерине байланыштуу пикир алышууларда болушту.

Зеленский Донбасстагы кырдаал жөнүндө Трюдого маалымат берип, Россиянын Украинанын чек арасынан чыгарган аскер санынын жетишсиз экендигин баса белгиледи.

Зеленский : «105  000 орус аскеринен 11 000 гана аскер чыгарылды»,- деди. Зеленский  тынчтыкчыл чечүүчү жол үчүн Россияга эл аралык кысымдын жасалышынын маанилүү экендигине көңүлдөрдү бурду.

Трюдо да Украинанын жеринин бүтүндүгү жана эгемендигин колдой тургандыгын тастыктады.



Тектеш кабарлар