Пакистандагы поезд кырсыгынын кесепети
Кырсыктан каза болгондордун саны көбөйдү.
Пакистандын Синд облусунда кечээ болгон поезд кырсыгынан каза тапкан адамдардын саны 62ге жетти.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, издөө-куткаруу иштеринин жүрүшүндө дагы 11 адамдын сөөгү табылгандан кийин кырсыктан каза болгондордун саны 62ге жетти.
Поезд кырсыгынын кесепетинен 100дөн ашуун адам жаракат алды. Жаракат алгандардын айрымдарынын абалы оор бойдон калууда.
Экинчи жагынан, кырсык болгон жерде иликтөө жүргүзгөн темир жол министри Мухаммед Азам Хан Свати ар тараптуу териштирүү жүргүзүлүп күнөөлүүлөр жазаланарын билдирди.
Синд облусунун Готки аймагында кечээ эртең менен жүргүнчү ташыган поезддин вагону ордунан чыгып, каршы тараптан келе жаткан башка жүргүнчү поезди сүзүп алган.
Тектеш кабарлар
Зеленский түрдүү куралдарга муктаж экендерин айтты
Зеленский коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн өткөн Украина - НАТО кеңешинин жыйынында сүйлөдү.