"Нетаньяху Кудска карата агрессиясын күчөтүүдө"

Палестинанын тышкы иштер министрлиги Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун «Кудсту саясий кармашуулардын сахнасына айландыргандыгы» боюнча эскертти.

1652832
"Нетаньяху Кудска карата агрессиясын күчөтүүдө"

Палестинанын тышкы иштер министрлиги Израилдин премьер  - министри Беньямин Нетаньяхунун «Кудсту саясий кармашуулардын сахнасына айландыргандыгы» боюнча эскертти.

Министрликтен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта оккупациядагы Чыгыш Кудста болгон чыңалууга көңүл бурулуп, Нетаньяхунун Израилдеги өкмөт куруу иштерин Кудста чыңалууну күчөтүп ийгиликсиздикке учуратууга аракет кылганы баса белгиленди.

Билдирүүдө : "Нетаньяху өзүн куткаруу үчүн Иерусалимге каршы агрессиясын күчөтүүдө",- деп билдирилди.  

Израиль полициясынын Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталында араларында борбору Катар болгон Аль Жазира телекөрсөтүүсүнүн кызматкерлери да болгон журналисттерге жасаган кол салууга да орун берилген билдирүүдө : «Нетаньяху кийинки Израиль өкмөтүнүн алдындагы жолду жабуунун Кудстагы кырдаалдан өтөрүн, анткени мунун Палестина жерлеринин калганында жана аймакта күчтүү каршы чыгууларга жол ачарына ишенет»,- деп билдирилди.

Маалыматта Хамас жана башка палестиналык топтор менен Израилдин ортосунда түзүлгөн ок атышпоону бекемдөө жана Палестина калкына карата «тынымсыз агрессияны» токтотууга карата эл аралык жана аймактык аракеттердин ийгиликсиз болору боюнча эскертилди.

Израилде 23 -  мартта болгон шайлоодон кийин коалиция өкмөтүн куруу иштери улантылууда.

Нетаньяхуну ордунан түшүрө турган коалиция өкмөтүнүн курулушу үчүн 14 -  июнга чейин парламенттен ишеним добушун алып ант бериши керек.



Тектеш кабарлар