Наблус жана Тулкермде Газага колдоо митинге өткөрүлдү

Соцтармакта берилген чакыруулар боюнча Тулкермдеги  Ел  -  Кадим мечити менен Наблустагы айрым мечиттерде көп сандаган палестиналык багымдат намазы үчүн чогулушту.

1641410
Наблус жана Тулкермде  Газага колдоо митинге өткөрүлдү

Батыш Шеринанын түндүгүндөгү Наблус жана Тулкерм шаарларында көп сандаган палестиналыктын катышуусу менен Израиль кол салууларына каршы чыгуу үчүн багымдат намазынан кийин митинг өткөрүлдү.

Соцтармакта берилген чакыруулар боюнча Тулкермдеги  Ел  -  Кадим мечити менен Наблустагы айрым мечиттерде көп сандаган палестиналык багымдат намазы үчүн чогулушту.

Намаздан кийин митингчилер Палестинанын каршы чыгуусун колдогон, Израилдин эреже бузуулары менен аймактагы абалдарга карата АКШнын тарап жактаган мамилесин айыптаган ураандар менен жүрүштү.

Ураандар менен Хамастын аскердик канатынын командири Мухаммед ед  -  Дайфка салам берген митингчилер Дайфтан Израилге дагы көп ракета атууну суранышты.

Израилдин 10 -  майдан бери блокада астындагы Газа тилкесине жасаган кол салууларында 212 киши каза болду алардын ичинен 61 балдар, 36сы аялдар болгон. 1400 киши да жаракат алды.



Тектеш кабарлар