Ковид - 19га каршы BioNTech-Pfizer вакцинасын кадимки муздаткычта 1 ай сактаса болот

Европа дары -  дармек  агенттиги EMA Ковид  - 19 вакцинасы BioNTech-Pfizerди кадимки муздаткычта  1 айга чейин сактоого боло тургандыгын билдирди.

1641415
Ковид  - 19га каршы BioNTech-Pfizer вакцинасын кадимки муздаткычта 1 ай сактаса болот

Европа Биримдигинин дарыларды жөнгө салуучу Европа дары -  дармек  агенттиги EMA Ковид  - 19 вакцинасы BioNTech-Pfizerди кадимки муздаткычта  1 айга чейин сактоого боло тургандыгын билдирди.

EMA BioNTech жана Pfizer иштеп чыккан "Comirnaty" аттуу вакцинаны сактоо шарттары тууралуу сунуштарга өзгөртүүлөрдүн киргизилгендигин билдирди.

Вакциналарды сактоо шарттарына байланыштуу кошумча изилдөөлөрдүн аткарылгандыгы белгиленген маалыматта терең муздаткычтан чыгарылган ачыла элек вакцина шишелеринин 2 – 8 даражада кадимки муздаткычта 5 күн эмес, 31 күнгө чейин сактоого болору белгиленди.

Маалыматта  вакцинаны сактоо жана ташуу үчүн берилген ийкемдүүлүк вакцинанын логистикасына жана колдонмону пландаштырууга өбөлгө болоору белгиленди.

BioNTech-Pfizer вакцинасы Европа Биримдиги тарабынан 2020-жылдын декабрында жактырылып, вакцинаны колдонуу жыл башында башталган.

 



Тектеш кабарлар