Индияда болгон куюндан улам каза болгондордун саны көбөйдү
Индияда болгон катуу куюнда каза болгондордун саны 21ге жетти.
Индияда болгон катуу куюнда каза болгондордун саны 21ге жетти. Өлкөнүн батыш жагында болгон куюндан улам Мумбай жээгинен чыккан бир кеме чөктү.
Коргоо министрлиги мамлекетке таандык бир нефть фирмасы тарабынан иштетилген кемеден 146 кишинин куткарылгандыгын билдирди. 273 кишини ташыган кемеде 127 кишинин дайынсыз жоголгондугу баса белгиленди. Кемедеги кишилер үчүн куткаруу иштери баштатылды.
Саатына 185 километр ылдамдыкка жеткен куюндан улам 200 000 киши үйлөрүнөн эвакуацияланып, бир топ аймакта электр үзгүлтүккөн учурады.
Транспортко тескери таасирин тийгизген куюндан улам поезд каттамдары токтотулуп, аба жолдору да үзгүлтүккө учурады. Мумбай аэропортуна барган учактардын айрымдары башка шаарларга багытталды. Аэропорт бир канча убакытка жабылды.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.