Гани: «Чет элдик күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Талибанга каршы күрөшүүгө даярбыз»

Гани Америка Кошмо Штаттарынын Коомдук Телерадиоберүү кызматынын (PBS) телекөрсөтүүсүнө Ооганстандан чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийин коркунучтарды жоюу үчүн даярдыктар көрүлгөнүн айтты.

1641684
Гани: «Чет элдик күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Талибанга каршы күрөшүүгө даярбыз»

Ооганстандын президенти Ашраф Гани чет элдик күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин, алар Талибанга каршы күрөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Гани Америка Кошмо Штаттарынын Коомдук Телерадиоберүү кызматынын (PBS) телекөрсөтүүсүнө Ооганстандан чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийин коркунучтарды жоюу үчүн даярдыктар көрүлгөнүн айтты.

Өлкөдөгү террордук коркунучтун өзгөргөнүн, бирок азырынча жок боло электигин айткан Гани, чет өлкөлүк күчтөр өлкөдөн чыгып кеткенден кийин Талибан менен күрөшүүгө даяр экендиктерин белгиледи.

Шайлоого негизделген башкаруу тутуму боюнча бир келишимге жетишилбесе, акыркы жыйырма жылдагы бардык жетишкендиктер, анын ичинде аялдар, жаштар жана азчылыктардын укуктары суракка алынарын айткан Гани, Талибандын шайлоону кабыл алышы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн ийгилигинин ачкычы экендигин баса белгиледи.

Президент Гани шайлоого негизделген келечектеги башкаруу тутуму кабыл алынгандан кийин, башка маселелер талкууланарын билдирди.

Экинчи жагынан, Ооганстандын Фаряб провинциясындагы операцияда 19 талип согушкери жок кылынды деп кабарланды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден АКШнын бардык аскерлери 1-майдан тартып 11-сентябрдын мааракесине чейин Ооганстандан чыгып кетерин жарыялады.



Тектеш кабарлар