Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байдендин сүйлөшүүсүндө туш келди ракеталык чабуулдарга каршы Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун бекем колдой турганы белгиленди.

1641307
Байден-Нетаньяху сүйлөшүүсү

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө, аймакта ок атышпоо режимин орнотууну колдой тургандыгын айтты.

Ак үйдүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Байдендин сүйлөшүүсүндө туш келди ракеталык чабуулдарга каршы Израилдин өзүн-өзү коргоо укугун бекем колдой турганы белгиленди.

Билдирүүдө Байдендин коомдор аралык зомбулукка каршы күрөшүү жана Кудста тынчтыкты камсыз кылуу аракеттерин кубаттай тургандыгы белгиленип, «Байден Израилди күнөөсүз жарандарды коргоо үчүн болгон күч-аракетин жумшоого үндөдү», деп айтылат.

Израилдин Газадагы ХАМАС жана башка топторго каршы жүргүзгөн аскердик иш-аракеттерине дагы баа берген билдирүүдө, «Президент Байден ок атышууну токтотууну колдой тургандыгын билдирди жана ушул максатта Египет жана башка өнөктөштөр менен АКШнын диалогун талкуулады», делди.

Телефон аркылуу сүйлөшүүдө, экөө жана алардын командалары процесс боюнча тыгыз байланышта болууга макул болушкандыгы айтылды.



Тектеш кабарлар