Австрияда мамлекеттик имараттарга илинген Израиль байрактары алынды

Австрияда Израилге тилектешик максатында мамлекеттик имараттарда илинген Израиль байрактары катуу каршы чыгуулардан улам алынды.

1641616
Австрияда  мамлекеттик имараттарга илинген  Израиль байрактары  алынды

Австрияда Израилге тилектешик максатында мамлекеттик имараттарда илинген Израиль байрактары катуу каршы чыгуулардан улам алынды.

Премьер  - министрлик жана тышкы иштер министрлигинин имараттарында илинген Израиль байрактары бүгүн  эч бир маалымат берилбестен алынды.

Көп сандаган жарандык коом уюмдары, окумуштуу жана саясатчы премьер  - министр Себастьян Курцтун Израиль байрагын премьер  - министрлик имаратына илдирип, аймакта согушкан тараптардын бирөөсүнө ачык колдоо бериши, конститутциянын тарапсыздык принцибине терс деген негиз менен  каршы чыгышты.

Премьер  - министр Курц твиттерден 14 -  майда берген маалыматында Израилге тилектештикти билдирүү максатында бул өлкөнүн байрагын премьер  - министрлик имаратына илингендигин жарыялаган.

Курцтун Палестинага карата кол салууларын күчөткөн Израилге ачык колдоосу, Түркия жана башка өлкөлөрдүн каршы чыгуусуна себеп болгон.



Тектеш кабарлар