АКШнын Израилге акыркы курал сатуусуна каршы чыгуу

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) мусулман конгрессмени Илхан Омар жакында Газа кол салууларынын алдында Израилге 735 миллион долларлык курал-жарак сатууну жактырган президент Жо Байдендин башкаруучулугуна каршылык көрсөттү.

1641271

Омар өзүнүн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилге так башкарылган ракеталарды сатууну жактырган Байдендин башкаруулугун сынга алды жана «Байден бийлигинин Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун зомбулук күчөп, жайкын тургундарга кол салуусу күчөгөндөн кийин 735 миллион долларлык тактык менен башкарылган куралды шартсыз сатышына жол берүүсү таң калтырат»,-деди.

«Эгерде бул сатык жактырылса, анда бул зомбулуктун уланышына жана ок атууну токтотуу аракеттеринин токтоп калышына алып келет», - деди Омар, Израилдин жарандарга карай кол салууларын көрүп, АКШ бийлиги курал сатууга макулдугун кайрадан карап чыгышы керектигин билдирди.

Израилдин палестиналыктарга кол салуулары уланып жатканда, Конгресстин Демократиялык мүчөлөрү Байден бийлигинин Израиль саясатын сынга алууда.

Тектеш кабарлар