АКШ Азербайжан менен Арменияны чыңалууну азайтууга чакырды
Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливан Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон чек ара чыңалуусунан улам тынчсыздана башташкандарын айтты.
АКШ чектеш болгондуктан Азербайжан менен Арменияны чыңалууну азайтууга жана байланышты улантууга чакырды.
Ак үйдөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Улуттук Коопсуздук боюнча кеңешчи Жейк Салливандын Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер – министри Никол Пашинян менен өз өзүнчө телефон аркылуу сүйлөшүп, аймактагы чыңалууну карап чыккандыгы билдирилди.
Билдирүүгө караганда Салливан акыркы мезгилде Азербайжан менен Армениянын ортосунда болгон чек ара чыңалуусунан улам тынчсыздана башташкандарын айтты жана азырынча белгилене элек чектер тууралуу аскердик кадамдардын чагымчыл экендигин белгиледи.
Салливан эки өлкөнүн ортосундагы байланыштын улантылышын жана эки лидердин маселени тынчтык жолу менен чечүүгө аракет кылгандыгына кубанычта экендигин белгиледи.
Азербайжан менен Армениянын эл аралык чектерин белгилөө үчүн расмий сүлөшүүлөрдү өткөрүшү керектигин баса белгилеген Салливан АКШнын Минкс группасынын негизинде аймакта чыңалуунун азайтылышы тууралуу аракеттерин улантарын айтты.
Азербайжан армиясынын Армениянын оккупациясынан бошотулган Лачын жана Келбежер облустарында Армения менен чектеш болгон позицияларга жайгашуусу эки өлкөнүн ортосунда чыңалуунун чыгышына себеп болгон.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.