Афганистанда Талибандын 19 террористти жок кылынды

Афганистан өкмөтүнүн билдиргенине караганда чет элдик күчтөр чыга баштаган 2 жумалык убакытта өлкөдө зомбулук окуялары көбөйдү.

1641617
Афганистанда Талибандын 19 террористти жок кылынды

Афганистандын  Фаряб аймагында жүргүзүлгөн операцияда Талибандын 19 террористти жок кылынды.

Өлкөнүн түндүгүндөгү 209 -  Шахин корпустук командирлиги коопсуздук күчтөрүнүн Фарябдын Пештун Кот районунун Хожав Намуса айылында Талибанга каршы аба операциясын жүргүзгөндүгүн билдирди.

Маалыматта жүргүзүлгөн операцияда  19 террористтин жок кылынгандыгы жана 15 террористтин да жаралангандыгы белгиленди. Маалыматта жок кылынган террористтердин арасында Талибандын аймак боюнча жооптууларынын да бар экендиги белгиленди. Талибандан азырынча бул тууралуу маалымат бериле элек.

Бир тараптан өлкөнү турукташтыруу аракеттери бир тараптан да Талибан менен өкмөт күчтөрүнүн кол салуулары улантылууда.

Афганистан өкмөтүнүн билдиргенине караганда чет элдик күчтөр чыга баштаган 2 жумалык убакытта өлкөдө зомбулук окуялары көбөйдү.



Тектеш кабарлар