Израиль кол салуусунда 200 киши шейит болду

Израиль басып алган жерлерде чыңалууну күчөткөн эреже бузуулардан улам палестиналыктар жашаган бардык жерде  эртең жалпы иш таштоого чакырылды.

1640961
Израиль кол салуусунда 200 киши шейит болду

Израиль басып алган жерлерде чыңалууну күчөткөн эреже бузуулардан улам палестиналыктар жашаган бардык жерде  эртең жалпы иш таштоого чакырылды.

Фетих кыймылынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта түрдүү аймактардагы бардык палестиналыктардын биримдикте экендиги тууралуу кабар берүүнү каалашкандары белгиленди.

Ушунун негизинде эртең жалпы иш таштоого чакыруу салынгандыгы билдирилген маалыматта 18 -  майды «ызалануу үнү» деп  аташкандары маалымдалды.

Израилдин 10 -  майдан бери блокада астындагы Газа тилкесине жасаган кол салуусунда 200 киши каза болду. Алардын ичинен 59зу балдар, 35ши аялдар. 1307 киши жаракат алды. Жаралуулардан 398нин балдар экендиги, ооруканаларда дарыланып жаткан кишилердин 46сынын абалынын оор экендиги билдирилди.

Газадан атылган ракетанын Израилдин түштүгүндөгү Ашдод шаарында бир имаратка келип түшүшү менен 3 киши жеңил жараланды. Атылган ракеталардан улам Израилде 10 киши каза болгон.

Израиль күчтөрү  басып алган Батыш Шериа менен Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында кол салуу болгон Газа тилкесине колдоо көрсөтүү максатында уюштурулган митингдерге чыныгы жана пластикалык октор менен кийлигишүү болуп, 112 палестналык жараланды.

Израиль күчтөрүнүн 10 -  майдан бери Батыш Шериада уюштурлган Газага колдоо митингдерине кийлигишүүсүндө 19 палестиналык каза болгон.



Тектеш кабарлар