ИКУнун кезексиз жыйынында Израилге каршылык көрсөтүлдү

Түркиянын демилгелери менен тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтыгы Уюмунун (ИКУ) Аткаруу Комитетинин ачык катышуучулуу кезексиз жыйыны видеоконференция ыкмасы менен өттү.

1640264
ИКУнун кезексиз жыйынында Израилге каршылык көрсөтүлдү
cavusoglu.jpg
Riyad el-Maliki.jpg
kureysi.jpg

Түркиянын демилгелери менен тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде өткөрүлгөн Ислам Кызматташтыгы Уюмунун (ИКУ) Аткаруу Комитетинин ачык катышуучулуу кезексиз жыйыны видеоконференция ыкмасы менен өттү.

Жолугушуудан кийин ИКУнун баш катчысы Юсуф бин Ахмед аль-Усеймин 10-майдан бери Израиль аскерлеринин палестиналыктарга каршы чабуулун токтотуу үчүн эл аралык коомчулукту «Моралдык, гуманитардык жана мыйзамдуу жоопкерчиликти өзүнө алууга» чакырды.

Усеймин төмөнкүлөрдү белгиледи: «Кол салуулар, ошондой эле палестиналыктардын мүлкүн конфискациялоо, укук ээлерин мыйзамдуу укуктарын тебелеп эвакуациялоого чакыруу тынчтык процессине кызмат кылбайт. Тескерисинче, акыйкат, ар тараптуу жана туруктуу чечимге жетишүү үчүн чын жүрөктөн жасалган аракеттерге тоскоолдук кылат».

Жыйынга катышкан Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен ас-Сафеди Израилдин басып алынган Чыгыш Кудстун Шейх Жаррах кварталынын жашоочуларын көчүүгө мажбурлап жатканы эл аралык коомчулук уруксат бербеген согуш кылмышы экендигин билдирди.

Пакистандын тышкы иштер министри Шах Махмуд Курайши да өз сөзүндө эл аралык коомчулукту кийлигишүүгө жана Израилдин аялуу палестиналыктарды куугунтуктоосун токтотуу үчүн тиешелүү чараларды көрүүгө чакырды.

Жолугушууда Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики Израилдин блокадага алынган Газа тилкесинде кылмыштарды кылып, элге каршы зордук-зомбулук көрсөткөнүн айтты.

«Газадагы жапайы бомбалоолордун уланып жатышы, бүткүл аймакта 10 миңден ашуун палестиналыктын жер которууга жана жүздөгөн үйлөрдүн кыйрашына алып келди»,-деди.



Тектеш кабарлар