Израиль армиясы көп кабаттуу имаратты бомбалады

Имаратта AP жана Аль-Жазиранын кеңселери, ошондой эле дарыгерлердин, адвокаттардын кеңселери жана карапайым адамдар жашаган көптөгөн батирлер бар экени кабарланды.

1639857
Израиль армиясы көп кабаттуу имаратты бомбалады

Израиль армиясы Газада Американын Associated Press маалымат агенттигинин (AP) жана Катардын Al-Jazeera телеканалдарынын кеңселерин камтыган көп кабаттуу имаратты аткылады.

Имаратта AP жана Аль-Жазиранын кеңселери, ошондой эле дарыгерлердин, адвокаттардын кеңселери жана карапайым адамдар жашаган көптөгөн батирлер бар экени кабарланды.

Газанын көптөгөн аймактарына интернет кызматын камсыздаган мунаралар жайгашкан имараттын 13 кабаттуу экендиги маалымдалды.

Буга чейин имаратка Израиль тарабынан сокку урулаары жарыяланган болчу.

Ал-Жазиранын Газадагы кабарчысы Вейл аль-Дахдухтун айтымында, Израиль армиясы тургундарга бир саат убакыт берди.

Ошол эле учурда Израилдин согуштук учактары Газанын батыш тарабындагы Шати качкындар лагериндеги үйгө кол салуусунан 10 палестиналык каза болду, 10-майдан бери Израиль күчтөрүнүн кол салуусунда 139  адам шейит болуп, 950 адам жаракат алды.

ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысынын орун басары Салих ал-Арури, Газада кургактыктан баштала турган операциянын Израиль үчүн апаат болоорун жана согуштун тең салмагын өзгөртө турганын айтты.



Тектеш кабарлар