Нетаньяхунун катчысы "Газа" деп Дерада болгон эски видеону бөлүштү

Израилдин премьер-министринин араб маалымат каражаттарынын өкүлү болгон Гендельман Твиттерде бөлүшкөн видеосуна арабча белги койгон.

1638721
Нетаньяхунун катчысы "Газа" деп Дерада болгон эски видеону бөлүштү

Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаньяхунун пресс-катчыларынын бири Офир Гендельман бөлүшкөн видеодогу «Газадан атылган ракеталардын видеосу» 2018-жылы Сирияда тартылгандыгы аныкталды.

Израилдин премьер-министринин араб маалымат каражаттарынын өкүлү болгон Гендельман Твиттерде бөлүшкөн видеонун арабча нотасында «Мына жаңы ачык далил: ХАМАС террористтери Газадагы турак жайлардан атайылап ракета учурууну улантууда. Бул коркунучтуу согуш кылмышы», деген.

Ал ошондой эле Израилге каршы атылган ракеталардын үчтөн бири Газа тилкесине түшүп, палестиналык жарандар, анын ичинде балдар курман болду деп жазып чыккан.

Социалдык тармактардагы айрым араб колдонуучулары видео Гендельман айткандай жаңылык эмес экендигин жана 2018-жылы тартылгандыгын тез түшүнүштү.

Сириялык журналист Зайна Эрхайм видеонун 2018-жылдын июнь айындагы YouTubeдагы версиясын Твиттерде бөлүштү.

Эрхайм билдирүүсүн «Жалган кабар» белгиси менен бөлүшүп «Израилдин премьер-министринин басма сөз катчысы Сириянын Дера шаарында үч жыл мурун тартылган эски видеону бөлүшүп, Газада тартылганын ырастагысы келүүдө. Бул жердеги видеонун түпнускасынын датасы 2018-жыл», - деп жазган.

Сириялык журналист бөлүшкөн YouTube видеосунда ракеталар Сириянын армиясы тарабынан Дераа шаарында учурулгандыгы айтылган.



Тектеш кабарлар