Израилдин кол салууларына бүткүл дүйнө каршы чыгууда

Россиянын Президенттик Сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңжалга катышкан тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) чечимдеринин негизинде чечим табууга аракет кылышы керектигин билдирди.

1638595
Израилдин кол салууларына бүткүл дүйнө каршы чыгууда
kudus filistin.jpg
gazze.jpg
gazze.jpg
Gaza AFP 3.jpg
new york israil karsiti gosteri.jpg
11 yaşındaki Filistinli (8).jpg

Орусия Израилдин басып алуусу астындагы Чыгыш Кудска жана Газага жасаган кол салууларынан кийин Палестина менен Израилди сабырдуулукка чакырды.

Россиянын Президенттик Сарайынын (Кремль) басма сөз катчысы Дмитрий Песков жаңжалга катышкан тараптар Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин (БУУ КК) чечимдеринин негизинде чечим табууга аракет кылышы керектигин билдирди.

Песков: «Биз жарандар арасындагы жоготуулардын көбөйүүсүнөн жана карапайым адамдардын туш келди бомбалануусунан тынчсызданып жатабыз»,-деди.

Түрк Кеңешинин баш катчысы Багдад Амреев дагы акыркы мезгилдерде Аль-Акса мечитине жана палестиналыктарга кол салууда Израилдин жарандарга карата куралдуу жана ченемсиз күч колдонушун айыптады.

Францияда оппозициялык Европалык экология - жашылдар партиясы (EELV) Израилдин Чыгыш Кудстагы жана Батыш Шериадагы отурукташуу саясатын «колониялаштыруу» деп мүнөздөдү жана бул Жакынкы Чыгыштын коопсуздугуна коркунуч келтиргенин билдирди.

Африка Биримдиги (АфБ) Израиль аскерлеринин Аль-Акса мечитине жана блокададагы Газа тилкесине жасаган кол салууларын кескин айыптады.

АфБ Комиссиясынын башчысы Муса Факи Мухаммед өз билдирүүсүндө палестиналыктарды Африка Биримдиги катары колдой тургандыктарын жана палестиналыктардын борбору Чыгыш Кудс болгон көзкарандысыз жана эгемендүү мамлекетти колдой тургандыктарын айтты.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Палестинаны колдоо билдирүүсүн өзүнүн социалдык медиа эсебинен бөлүшүп, Газа менен Палестинанын жанында экендиктерин баса белгиледи.

Ирандын президенти Хасан Рухани Израилдин палестиналыктарга жасаган чабуулдарына каршылык көрсөтүп, акыркы окуялардын алдында Египет менен Иорданиянын мамилесин сынга алды.

Рухани: «Эмне үчүн Израилдин коңшулары унчукпай жатышат. Египет жана Иордания сыяктуу чоң өлкөлөр Израилдин коңшулары. Эмне үчүн алар унчукпайт? Ушул сыяктуу эле, эмне үчүн региондогу башка мамлекеттер каршы чыгышпайт жана туруштук беришпейт?»-деп айтты.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон дагы Израилдин оккупациялап алган Чыгыш Кудс менен Газага жасаган акыркы Израилдик чабуулдарынан кийин эки тарапты тең сабырдуулукка чакырып, зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө жана карапайым адамдар арасындагы жоготууларга терең тынчсызданып жаткандыгын жана чукул кырдаалдын басаңдашын каалап жатышканын айтты.

Палестина тектүү Британ парламентинин биринчи мүчөсү Лейла Моран парламенттеги сессияда Израиль тарабынан өлтүрүлгөн балдардын аттарын окуп берди.

Аргентина Израилдин Газа жана Шейх Жаррах жана Силван кварталдарында ченемсиз күч колдонушуна каршылык көрсөттү.

Аргентинанын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израилдин ченемсиз күч колдонулушунан тынчсызданып жатканы жана аймакта күчөп жаткан зомбулукту айыптаганы белгиленди.

Кубанын тышкы иштер министри Бруно Родригес да өзүнүн Твиттер баракчасындагы бөлүшүүсүндө, «Куба, Израилдин Газадагы Палестина элин туш келди бомбалоосун кескин айыптайт»,деген сөздөрдү жазды.

Чилинин Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу жүзүндөгү билдирүүдө, «Чили өкмөтү Кудста башталган зордук-зомбулуктун күчөп кетишине байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирип, бүгүнкү күндө башка шаарларга жайылып, натыйжада бейкүнөө адамдардын курмандыктарына чалынып жатат»,деп айтылган.

Уругвайдын Тышкы иштер министрлиги тарабынан жасалган жазуу жүзүндөгү билдирүүдө, «Уругвай өкмөтү өткөн жумадан бери Чыгыш Иерусалимде көптөгөн адамдардын өлүмүнө жана жаракат алышына алып келген зордук-зомбулукка байланыштуу терең тынчсыздануусун билдирет» деген баасын берди.

Израилдин Газа жана Аль-Акса мечитине болгон кол салуулары Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью-Йорк шаарындагы тургундар Израилдин консулдугунун имаратынын алдында нааразычылык акциясына чыкты.

Нааразычылык акциясына түрк жана мусулман коомчулугунун бардык курактагы катышуучулары ошондой эле анти-сионисттик Нетурей Карта православдык еврей тобунун мүчөлөрү тарабынан колдоого алынгандыгы көңүлдү бурду.

Америкалык актер жана режиссёр Марк Руффало дагы Израиль полициясынын басып алынган Чыгыш Кудстагы Аль-Акса мечитинде палестиналыктарга каршы зордук-зомбулук көрсөтүүсүн сынга алып, Израилге санкциялар жарыялоого чакырды.

Францияда саясатчылар, окумуштуулар жана журналисттер баш болгон 47 адам президент Эммануэль Макронду Израилдин палестиналыктарга жасаган кол салуулары боюнча чара көрүүгө чакырышты.



Тектеш кабарлар