Израиль Палестинага кол салууларын токтопой жатат...

Израилдин кол салууларында 56 палестиналыктын, анын ичинде 14 бала жана 5 аял шейит болуп, жаракат алгандардын саны 335ке жеткени катталды.

1638570
Израиль Палестинага кол салууларын токтопой жатат...
gazze filistin.jpg
gazze.jpg
Gazze.jpg
gazze saldırı
Gaza AFP 1.jpg

Израилдин Газа тилкесине кол салууларынан шейит болгондордун саны 56га жетти, алардын 14ү балдар жана 5и аял.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газада жасаган билдирүүсүндө Израилдин Газанын ар кайсы аймактарына кол салууларынан 10-майдан бери каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны көбөйгөнү белгиленди.

Израилдин кол салууларында 56 палестиналыктын, анын ичинде 14 бала жана 5 аял шейит болуп, жаракат алгандардын саны 335ке жеткени катталды.

Ички иштер министрлигинин Газадагы басма сөз катчысы Ияд аль-Бузум жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө Израилдин Газадагы полиция жана полиция бөлүмдөрүн бутага алгандыгын жарыялады.

Ички иштер министрлиги Израилдин кол салуулары Газа жана Хан Юнус шаарларында күч алганын билдирди.

Палестинанын Саламаттык сактоо министрлигинин Газадагы өкүлү Ашраф аль-Кудра жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, жарандардын үйлөрүн жана эл көп топтолгон турак жайларды атайылап бутага алуусу Газа элин дүрбөлөңгө салганын белгиледи.

Израилдин согуштук учактары Газанын ар кайсы жерлерине жасаган кол салууларда көчөлөргө жана соода ишканаларына, ошондой эле калктуу конуштарга чоң зыян келтирилди.

Бир тараптан, Палестина туткундары ассоциациясынын өкүлү Эмани Серахне, Израиль аскерлери эртең менен Батыш Шерианын ар кайсы жерлерине кол салгандыгын айтты.

Серахне, Наблус шаарында ХАМАСтын расмий өкүлү Ясир Бердесави жана айрым активисттер кармалганын билдирди.

Калкиля шаарындагы айрым үйлөрдү тинтүүгө алган Израилдик күчтөр ХАМАСтын мүчөлөрүн жана активисттерин кармашканы белгиленди.

Палестиналык туткундар ассоциациясы ошондой эле Израилдин аскерлери кечке жуук Батыш Шерианын жалпысында 39 адамды камакка алганын жарыялады.

Экинчи жагынан, Кассам бригадалары жасаган жазуу түрүндөгү билдирүүдө Димона шаарына 15, Ашдод шаарына 50 ракета атылгандыгы белгиленди.

Израиль полициясы Акса мечити жана Шейх Жаррахтан чегинбегенден кийин, палестиналык каршылык көрсөтүү топтору Израилге көптөгөн ракеталарды аткылашты.

Андан кийин Израиль армиясы Газа тилкесине карай аскердик операция башталгандыгын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар