БУУ «кеңири масштабдуу согуш» эскертүүсүн жасады

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча БУУнун атайын координатору Тор Веннесланд Израиль менен Палестина «кеңири масштабдагы согушка бет алышты» деп эскертти.

1638179
БУУ «кеңири масштабдуу согуш» эскертүүсүн жасады

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Жакынкы Чыгыштагы кагылышууга байланыштуу «кеңири масштабдуу согуш» эскертүүсүн жасады...

Жакынкы Чыгыштагы тынчтык процесси боюнча БУУнун атайын координатору Тор Веннесланд Израиль менен Палестина «кеңири масштабдагы согушка бет алышты» деп эскертти.

Веннесланд Твиттердеги эсебинен, «Өрттү тез арада өчүргүлө, толук масштабдуу согушка бет алуудабыз» деген серебин салды.

Бардык тараптар чыңалууну жеңилдетүү үчүн жоопкер экендиктерин билдирген Веннсланд: «Газадагы кыйроолорго алып келген согуштун азабын эл тартып жатат»,-деп баа берди.

Израил полициясынын басып алынган Чыгыш Кудстагы Шейх Жеррах кварталында жашаган палестиналыктарды мажбурлап эвакуациялоосу чыңалууну пайда кылууда. Израиль полициясынын Акса мечитиндеги кол салуулары дагы ыйык шаардагы чыңалууну күчөтүүдө.

Израилдин аба күчтөрүнүн соккуларынан 35 палестиналык шейит болсо, жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

Андан кийин Палестинанын каршылык көрсөтүү уюмдары Израилдин Газа тилкесинин айланасындагы шаарларды жана аймактарды ракета менен аткылашты. Израиль полициясы Газа тилкесинен атылган ракеталардын кесепетинен 5 израилдик каза болуп, 45 адам жаракат алганын билдирди.

Израиль армиясы Газа тилкесине карай «Дубалдын сакчысы» деп аталган аскердик операцияны баштады.



Тектеш кабарлар