Израиль Газанын ар кайсы жерлерин бомбалады

Израилдин аскердик учактары ХАМАСтын аскердик канаты болгон Иззеддин Кассам бригадаларына таандык позицияны жана Газанын түндүгүндөгү айыл чарба жерлерин бутага алышты.

1637900
Израиль Газанын ар кайсы жерлерин бомбалады

Израиль армиясы блокадага алынган Газа тилкесиндеги ар кайсы жерге абадан кол салды.

Израилдин аскердик учактары ХАМАСтын аскердик канаты болгон Иззеддин Кассам бригадаларына таандык позицияны жана Газанын түндүгүндөгү айыл чарба жерлерин бутага алышты.

Согуш учактары Газанын түштүгүндөгү Хан Юнус шаарындагы үч үйдү, анын ичинде бош үйдү бомбалады. Шаарда айрым дыйканчылык жерлери да жабыркады.

Кол салуу болгон үй бош болгондуктан, адам өмүрүнө зыян келген жок.

Ошондой эле Газанын түндүгүндөгү Бейт Ханун шаарында карапайым калкка жакын чекити бутага алынды. Кол салууларда адам өмүрү кыйылдыбы же жокпу, азырынча эч кандай билдирүү жасалган жок.

Израилдин армиясы ошондой эле өлкөнүн түштүгүндө сиреналар чала баштаганын жарыялады.

Аскерлердин билдирүүсүндө Израилдин аба күчтөрү жакында Газа тилкесинен ракета учурууга аракет кылып жаткан камераны бутага алгандыгы айтылган.

Билдирүүдө ХАМАСка таандык чалгындоо борборуна да абадан кол салуу жасалгандыгы белгиленди.

Армия буга чейин Газадан 200дөн ашуун ракета атылганын жана ХАМАСка таандык 130 бутага чабуул жасалгандыгын да жарыялаган.

ХАМАСтын аскердик канаты Иззеддин Кассам бригадалары дагы Аскалан шаарына «массалык ракеталык чабуул жасалганын» жарыялады.

Кечээ кечинде Израилдин Газага жасаган кол салууларында шейиттердин саны 24кө жетип, жаракат алгандардын саны 103кө жеткени маалымдалды. Шейит болгон палестиналыктардын 9у балдар экени белгиленди.

Ошол эле учурда, палестиналыктар кечээ кечинде өлкөнүн көптөгөн аймактарында Израиль полициясынын Аль-Акса мечитинде күзөттө турган адамдарга жасаган кол салуусуна каршы демонстрациялар өткөрүштү.

Демонстрацияга катышкан 98 палестиналык камакка алынды.



Тектеш кабарлар