Израиль Жогорку Соту Шейх Жеррах чечимин кечеңдетти

Израиль мамлекеттик телекөрсөтүү мекемеси KANдын кабарына караганда Израиль Жогорку Соту сот отурумун 2021 -  жылы июнь айында башка бир күнгө жылдыруу чечимин кабыл алды.

1637056
Израиль Жогорку Соту Шейх Жеррах чечимин кечеңдетти

Оккупациядагы Чыгыш Кудстун Шейх Жеррах кварталындагы палестиналык үй  -  бүлөлөрдүн  үйлөрүн бошотушу жана бул үйлөрдүн еврей отурукташуучуларга  берилиши тууралуу сот процесси токтотулду.

Израиль мамлекеттик телекөрсөтүү мекемеси KANдын кабарына караганда Израиль Жогорку Соту сот отурумун 2021 -  жылы июнь айында башка бир күнгө жылдыруу чечимин кабыл алды. Сот отуруму үчүн так күн берилген жок.

Маалыматта  Израилдин башкы прокурору Авичай Мандельблиттин талабы боюнча чечим кабыл алынгандыгы белгиленди.

Мандельблиттин жооптуу мекемелерге досьенин жыйынтыгы тууралуу юридикалык көз карашын камтыган жашыруун бир конверт берери белгиленди бирок кенен маалымат берилген жок. 



Тектеш кабарлар