Кечээ Ооганстанда болгон бомбалуу кол салуудан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арьен каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздангандыгын билдирди.

1636794
Кечээ Ооганстанда болгон бомбалуу кол салуудан каза тапкандардын саны көбөйүүдө

Кечээ Ооганстандын борбору Кабулдагы мектептин алдында бомбалу кол салуудан каза болгон адамдардын саны 50гө жетти.

Ички иштер министрлигинин катчысы Тарык Арьендин айтымында, кечээ Кабулдун Дашт-и Барчи аймагындагы Сейид-ü Шухеда мектебинин алдында уюштурулган бомбалуу кол салуудан өмүрү кыйылган адамдардын саны 50гө жетти.

Кол салууда жаракат алгандардын санынын 100дөн ашканын айткан Арьен, каза болгондордун санынын көбөйүшүнөн тынчсыздангандыгын билдирди.

Арьен, чабуул алгач бомба жүктөлгөн унаа менен, андан кийин аймакка коюлган эки башка бомбаны жардыруу менен жасалгандыгын белгиледи.

Билим берүү борборлорунун согуштан иммунитети бар экендигин жана бул кол салуунун согуш кылмышы экендигин билдирген Арьен, кол салууну Талибанга жүктөдү.

Ал эми «Талибан» кыймылы кол салууга эч кандай тиешеси жоктугун жана кол салууну айыпташканын жарыялады.



Тектеш кабарлар