Израилге бүткүл дүйнөдөн каршылык көрсөтүлүүдө

Израиль полициясынын Аль-Акса мечитиндеги кол салууларын бүткүл дүйнө айыптоодо.

1636988
Израилге бүткүл дүйнөдөн каршылык көрсөтүлүүдө

Босния-Герцеговинадагы Демократиялык аракет партиясынын лидери Изетбегович Израиль полициясынын оккупацияланган Чыгыш Кудста жашаган палестиналыктарга карай мыйзам бузууларын цивилизациялык баалуулуктарга кол салуу деп мүнөздөдү.

Ливия Израиль аскерлеринин Аль-Акса мечитинин короосуна кирип, ал жерде намаз окуган жана өз динин тутунган адамдарга кол салганын айыптады.

Ливиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан берилген жазуу түрүндөгү билдирүүдө Израилдин Чыгыш Кудстагы палестиналык үй-бүлөлөрдү мажбурлап депортациялашына да каршылык көрсөтүлдү.

Марокконун Тышкы иштер министрлиги да Израилдин Чыгыш Кудстагы мыйзам бузууларын четке какканын жарыялады жана «Чыңалууну күчөткөн бул мыйзам бузууларга жол берилбейт» деп билдирди.

Ливанда жайгашкан Эл аралык Кудс Фонду ошондой эле Израиль аскерлеринин Аль-Акса мечитиндеги намазга каршы иш-аракеттери кеңири чабуулдун башталышы деп билдирди.

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Рим Папасы Франциск Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Кудста жашаган палестиналыктарга кыянаттык кылгандан кийин чыңалуу күчөп жаткандыгына тынчсыздануусун билдирди.

Рим Папасы Франциск Ватиканда салтка айланган жекшемби намазынан кийин Кудстагы окуяларга токтолду.

Папа Кудстун зордук-зомбулуксуз жолугушуу жайы болушун тилегенин жана абалды өзгөчө тынчсыздануу менен байкаганын айтты.

«Мен ыйык шаардын көп диндүү жана көп маданияттуу инсандыгы урматталып, боордоштук өкүм сүрүшү үчүн жалпы чечимдерди издөөгө чакырам. Зомбулук бир гана зордук-зомбулукту жаратат жана мен азыр чыр-чатактар жетишет деймин»,деген сөздөрдү колдонгон.

Индонезиянын Тышкы иштер министрлиги дагы Твиттерде израилдик аскерлер жүздөгөн адамдар жаракат алган Акса мечитиндеги палестиналык жарандарга карата күч колдонулушун айыптады.

Америкалык демократтар Вермонт штатынын сенатору Берни Сандерс дагы өзүнүн Twitter баракчасында «Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Чыгыш Кудстагы жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги Израилдик экстремисттердин өкмөт менен биримдикте болгон зордук-зомбулугуна каршы катуу үнүн көтөрүп, палестиналык үй-бүлөлөрдүн жер которушуна жол бербеши керек»,-деп айтты.

Ислам Кызматташтык Уюмунун Парламенттик Биримдиги (ISIPAB) дагы Аль-Акса мечитиндеги кол салууларды айыптады.

ISIPAB Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (TBMM) демилгеси менен Израилдин Палестина мусулмандарына карата зомбулугун жана куугунтуктоосун айыптаган билдирүү жасады.

Билдирүүдө Израилдин ыйык Рамазан айында Кудстагы зулум саясаты жана Палестина элинин сыйынуу эркиндигине тоскоолдук кылуу аракеттери 7-майга караган түнү Аль-Акса мечитинде ибадат кылган жамаатка карай кол салуулар менен жаңы жана өтө оор өлчөмгө жеткени белгиленди.

Билдирүүдө, үч асман дининин жалпы ыйык жери болгон Харем-и Шарифте Израилдин коопсуздук күчтөрү тарабынан ашыкча күч колдонулгандыгы, көптөгөн палестиналык жарандардын жаракат алышына себеп болгондугу белгиленди жана бул катуу айыпталды.

Экинчи жагынан, Араб Лигасы Палестинанын өтүнүчү менен дүйшөмбү күнү кезексиз чогулуп, Израилдин басып алынган Чыгыш Кудстагы палестиндерге жасаган кол салууларын талкуулайт.

Араб Лигасынын баш катчысынын орун басары Хусам Зеки жолугушуу Катарда Катардын төрагалыгы астында туруктуу мүчөлөр менен өткөрүлөрүн айтты.

Зеки өз билдирүүсүндө, Израилдин басып алган Чыгыш Кудстагы кол салуулары жана мыйзам бузуулары жыйында талкууланарын, Ислам ыйыктарына, айрыкча Аль-Акса мечитине карай жасалган кылмыштар талкууланарын белгиледи.

Ошол эле учурда, Катардын Эмири Шейх Тамим бин Хамед Аль Сани Палестинанын президенти Махмуд Аббаска телефон аркылуу кайрылып, анын өлкөсү «Израиль аскерлеринин палестиналыктарга каршы чабуулун токтотуучу бардык ролду аткарууга даяр экендигин» билдирди.

Иорданиянын тышкы иштер министри Эймен Эс-Сафеди Палестинанын тышкы иштер министри Рияд аль-Малики менен да телефон аркылуу сүйлөштү.

Эл аралык коомчулукту Израилди күчөп бараткан мыйзам бузууларын токтотуу үчүн кысымга алууга үндөгөн Сафеди жана Малики, «Оккупацияланган Чыгыш Кудстагы күчөгөн кооптуу чыңалуу үчүн Израиль администрациясы жооптуу» деп билдиришти.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Дейф аль-Файиз министрлик Израиль бийлигине нааразычылык нотасын жөнөткөнүн жана акыркы эки күндө Аль-Акса мечитиндеги мыйзам бузууларга реакция болгонун билдирди.

Марокконун премьер-министри Садеддин аль-Османи Израиль полициясынын Чыгыш Кудста жашаган палестиналыктарга карата мыйзам бузууларга каршылык көрсөтүп: «Израиль аскерлеринин ыйык Кудс шаарында, айрыкча Шейх Жеррах районунда жасаган мыйзам бузууларын айыптайбыз»,-деди.

Палестинанын каршылык көрсөтүү уюмдарынан Израилге каршы катуу реакция болду.

Фатх Кыймылынын Борбордук комитети Израилдин кудстагы иш-аракеттери улана берсе, бул Палестинанын бардык аймактарында ар тараптуу жаңжалга алып келерин эскертти.

ХАМАС Кыймылынын куралдуу канаты Иззеддин аль-Кассам бригадалары Израилге Кудс жана Аль-Акса мечити жөнүндө дагы бир жолу эскертүү берди.

Кассамдын атынан сөз сүйлөгөн Абу Убейде: «Биз Кудстагы жана Аль-Аксадагы элибизди куттуктайбыз». Касамдын лидери Мухаммед



Тектеш кабарлар