Сардинанын пайдасы

Каталония университетинин окумуштуулары сардинанын экинчи типтеги кант диабетине тийгизген таасирин изилдешти.

1636456
Сардинанын пайдасы

Жумасына эки даана консерваланган сардинаны жеп туруунун, экинчи типтеги кант диабетинин пайда болуу коркунучун азайтышы мүмкүн экендиги билдирилди.

Испаниянын Каталония автономиялуу аймагынын Барселона шаарындагы Каталония университетинин окумуштуулары сардинаны колдонуунун экинчи типтеги кант диабетине тийгизген таасирин изилдешти.

Илимпоздор бир жылдын ичинде 65 жана андан жогорку жаштагы 152 адамдын ден-соолугуна байланыштуу маалыматтарды иликтешти.

Изилдөөнүн жүрүшүндө диабетти алдын алуучу тамактануу программасы ишке ашырылып, катышуучулардын жарымынын жумалык диетасына 200 грамм (болжол менен эки кутуча) сардина кошулду.

Бир жылдан кийин сардинаны жеген катышуучулардын 2-типтеги кант диабетинин тобокелдиги 37 пайыздан 8 пайызга чейин төмөндөгөн.

Изилдөө тобунан доктор Диана Риззоло: «Баасы арзан жана табылышы оңой болгон сардиналар 2-типтеги кант диабетин алдын алууга жардам берет»,-деди.



Тектеш кабарлар